Пресс-борбор

Эксперт журналисттер үчүн ЖИ менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди

Адистин айтымында, редактордун, монтажердун жана котормочунун ишин бир адам аткара алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. "Россия сегодня" медиа тобунун атайын долбоорлорунун директору Михаил Конрад SpunikPro агартуу долбоорунун алкагында жасалма интеллект менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Бүгүн Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин студенттери жана мамлекеттик органдардын маалымат катчылары үчүн мастер-класс өткөн.
Конрад "Россия сегодня" медиа тобу 30 тилде иштеп, кызматкерлер көптөгөн аудио жазууларды текстке оодарып, орус тилине которушарын белгиледи.
"Россия сегодня" медиа тобунун атайын долбоорлорунун директору Михаил Конрад
"Материалды орус тилине жана башка тилге которууга байланыштуу редактордун жумушу көп болот. Кээде видеону текстке түшүрүп, титрге текст талап кылынат. Бул котормочу, редактор, монтаждоочунун жумушу. Бирок биз процессти автоматташтырганбыз. Учурда жасалма интеллектинин жардамы менен бир эле киши бир нече адамдын ишин аткарууда", — деди адис.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар.
Пресс-борбор
Нейротармак аркылуу жумушту кантип жеңилдетсе болот? Журналисттерге кеңеш