Пресс-борбор

Нейротармак аркылуу жумушту кантип жеңилдетсе болот? Журналисттерге кеңеш

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Журналисттер нейротармактын жардамы менен кантип ишин жеңилдетете аларын "Россия сегодня" медиа тобунун атайын долбоорлорунун директору Михаил Конрад айтып берди.
Ал Spunik Кыргызстан маалымат борборунда SpunikPro агартуучулук долбоорунун алкагында өткөрүлгөн "Редактордун жашыруун куралы: ЖМКнын ишиндеги жасалма интеллект, бүгүнкүсү жана келечеги" аталышындагы мастер-класста сүйлөдү. Иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана маморгандардын маалымат катчылары катышты.
Конраддын айтымында, жаңы технологиялардын жардамы менен кызыктуу, сапаттуу материалды тез арада даярдоого болот. Мисалы, учурда аудиону текстке түшүрүү үчүн кол менен терүүнүн кереги жок.
Эксперт "Россия сегодня" медиа тобунун журналисттери аудио, видео, сүрөт жана тексттер менен иштеген кайсы программаларды колдонорун айтып берди.
"Россия сегодня" медиа тобунун атайын долбоорлорунун директору Михаил Конрад

"Акысыз жана акы төлөнүүчү программалар бар. Биз ишибизде экөөнү тең колдонобуз. Аудиону текстке түшүрүүгө, которууга, үн коштоого багытталган сервистердин түрү көп. Мисалы, OpenAI, IILevenLabs, Yandex сыяктуу платформалар жакшы", — деди Конрад.

Жасалма интеллект, жаңы ыкмалар. Москвада өткөн мастер-класстын видеосу