Пресс-борбор

Бишкекте жасалма интеллект менен иштөө боюнча мастер-класс кандай өттү. Видео

"Россия сегодня" медиа тобунун атайын долбоорлорунун директору Михаил Конрад тажрыйбалуу журналисттерге, мамлекеттик органдардын маалымат катчыларына, ошондой эле студенттерге мастер-класс өткөрдү.
Sputnik
Иш-чара SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагындагы Sputnik маалымат борборунда өттү.
Эксперт жасалма интеллект жана Telegram ботторунун жардамы менен ишти кантип бир топ жеңилдетүү керектигин айтып берди. Анын айтымында, ботту белгилүү бир техникалык билимге ээ болбостон түзсө болот. Мындан тышкары, жаңы технологиялардын жардамы менен видео жаратууга, аны транскрипциялоого, үн чыгарууга, ал тургай субтитр кошууга да болот.
SputnikPro — эл аралык Sputnik маалымат агенттигинин жана радиосунун журналисттерге, ЖОЖдордун адистештирилген бөлүмдөрүнүн студенттерине, маалымат кызматынын кызматкерлерине жана башка медиа адистерине арналган долбоору. Ал кесиптештер менен тажрыйба алмашууга, медиа коммуникацияларды жана кесипкөй байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
SputnikPro окутуу модулдары буга чейин 24 өлкөдө өткөрүлгөн. Жалпысынан 2018-жылдын мартынан бери долбоорго 80 өлкөдөн 10 миңден ашык адам катышкан.