Мишустин: ШКУ дүйнөнүн көп уюлдуу борборлорунун бири болушу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. ШКУда азыр түптөлүп жаткан адилеттүү, кубаттуу көп уюлдуу борборлордун бири болууга мүмкүнчүлүк бар. Бул туурасында РФ премьер-министри Михаил Мишустин ШКУнун өкмөт башчыларынын Пакистанда өтүп жаткан отурумунда айтты.
"ШКУнун азыр түптөлүп жаткан адилеттүү, кубаттуу көп уюлдуу борборлордун бири болуу мүмкүнчүлүгү бар. Муну биз өлкөлөрүбүздүн жана анда жашап жаткан жарандарыбыздын экономикалык жактан гүлдөп-өнүгүүсү үчүн биргелешип камсыздашыбыз керек", — деди Мишустин.
ШКУ — 2001-жылы түптөлгөн эл аралык уюм. Анда Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан бар.
Акылбек Жапаров ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 25 пайызга жеткенин айтты