Акылбек Жапаров ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 25 пайызга жеткенин айтты

Минкаб башчысы аймак боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктура түзүүгө, жаңы эл аралык каттамдарды ачууга токтолуп, деңиз жана темир жол байланыштарын айкалыштыруу зарылчылыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25 пайызга жетти. Бул тууралуу Исламабадда өтүп жаткан ШКУнун 23-жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, 2009-жылдан бери ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпы ИДПсы эки эседен ашык өстү.
"Уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25%га, ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 250%га жетип, өз ара инвестициянын көлөмү дээрлик төрт эсе өстү", — деди Жапаров.
Минкаб башчысы аймак боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктура түзүүгө, жаңы эл аралык каттамдарды ачууга токтолуп, деңиз жана темир жол байланыштарын айкалыштыруу зарылдыгын белгиледи.
"Мындай мамиле атаандаштыктын ордуна, өзгөчө Евразия континентин кесип өткөн темир жол линиялары үчүн жеңилдиктерди пайда кылып, жүк ташуу маршрутун 1000 чакырымга чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу эл аралык автомобиль ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашууну ишке ашыруу маанилүү. Биз Кытай — Кыргызстан —Өзбекстан темир жолун куруу долбоору аймактын транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам болоруна ишеним билдиребиз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Исламабад шаарында (Пакистан) ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 23-жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын, Беларустун, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын өкмөт башчылары катышууда. Жыйындын жыйынтыгы менен бир катар маанилүү документтер кабыл алынары күтүлүүдө.
ШКУнун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк кеңеши Кыргызстанда өтөт