ӨКМ ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралганын эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. ӨКМ ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралганын эскертти.
Маалыматка ылайык, мындай божомол 15-октябрдан 17-октябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу болууда.
"Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-135-чакырымындагы Төө-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт", — деп айтылат эскертүүдө.
Ошондой эле министрлик жолдорго муз тоңуп, тайгак болорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин кошумчалаган.
66 күн суу үстүндө жүрүп аман калган кишини Охот деңизинен тирүү табышты