Бишкекте жылуулук качан берилери айтылды

Адатта борбор калаада аба ырайы беш сутка катары менен 8 градустан төмөн болгондо жылуулук берилчү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкекте 22-октябрдан баштап жылуулук берүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.
Анын айтымында, эч качан жылуулук мынча эрте берилген эмес.
"Бишкек ЖЭБдин директору 4-блокту кое бергенин айтып чалды. 22-октябрдан баштап, буюрса, жылуулук бере баштайбыз. 300-350 мегаваттка чейин көтөрөм деп жатат. Быйыл эрте баштап жатабыз. Мынчалык эрте эч качан берген эмеспиз. Метеорологдор аба ырайы төмөндөй турганын айтышты", — деди Ибраев.
Эске сала кетсек, адатта борбор калаада аба ырайы беш сутка катары менен 8 градустан төмөн болсо жылуулук берилет. Жылытуу алгач бала бакча, мектеп жана башка социалдык объектилерден башталат.
Өлкө боюнча 477 көмүр базасы ачылды. Баалар