ЖКда интимдик сүрөт, видео тараткандарга катаал жаза колдонуу сунушталды

Эл өкүлү интимдик сүрөт, видео таратуу адамды өлүмгө чейин кептей турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев интимдик сүрөт, видео тараткандарга катаал жаза колдонууну сунуштады.
Мындай пикирин ал Укук тартиби боюнча комитет интернеттеги жалган жалаа жана мазактоо үчүн ири өлчөмдө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айткан.
"Мунун жазасын күчөтүш керек. Жеке жашоосуна киришип, интимдик сүрөт, видеолорун таратса адамдар муну башкача кабыл алат да. Бул ажырашууга, өзүнүн өмүрүнө кол салууга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан муну өзүнчө карап, жазаны катаалдатуу зарыл", — деди эл өкүлү.
Натыйжада аталган комитетте мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Болгону айрым эл өкүлдөрү мыйзамды кийинки окууга дагы толуктап келүү зарылдыгын айтышты.
Эгерде мыйзам учурда сунушталган бойдон кабыл алынса, анда соцтармакта бирөөнү мазактаган, жалган маалымат тараткан адам 100 миң сом айыпка жыгылат.
Садыр Жапаров жалаа жабууга байланыштуу мыйзам долбоору боюнча үн катты