Израиль Ирандын аскердик объектилерине сокку урууга камынганын ЖМКлар жазууда

РФ Ирандын өзөктүк объектилерине Тель-Авивдин кол салуусу олуттуу, кооптуу чагым болуп каларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясына Ирандын аскердик объектилерине сокку урууга даяр экенин билдирген. Бул туурасында РИА Новости Washington Post басылмасына таянып жазды.
"Израилдин премьер-министри Нетаньяху Байдендин администрациясына Ирандын мунай же өзөктүк эмес, аскердик объектилерине сокку урууга даяр экенин билдирген", — деп жазылган атын атагысы келбеген аткаминердин айтканына таянып берилген маалыматта.
Буга чейин РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия МАГАТЭнин баалоосуна таянып жатканын билдирген. Анда Иран өзүнүн тынчтык максаттагы өзөктүк өнүктүрүү программасын аскердик багытка өткөрүүгө аракет кылбагандыгы, бирок Ирандын өзөктүк объектилерине кол салуу олуттуу, кооптуу чагым болуп калары айтылган.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрында кечинде Иран Израилге 200дөн 500гө чейин ракета учурган. Муну коргонуу деп аташкан. Ислам революциясынын сакчылар корпусу ракеталык сокку Ирандын союздашы "Хезболланын" лидери Хасан Насрулла менен ХАМАСтын жетекчиси Исмаил Ханияны өлтүрүүгө жооп иретинде жасалганын билдирген. Ал эми Израиль аскерлери 180ге чукул баллистикалык ракета кое берилип, анын арбынын келип тийгенче эле жолдон тосуп алып талкалагандыктарын айтышкан.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кадамдары ийгиликсиз болуп калгандыгын белгилеген. Ал Ак үйдүн билдирүүлөрү кризистерди чечүүдө эч нерсеге жарабай калганын кошумчалаган.
Пентагон: АКШ Иран менен согушууну көздөбөйт жана Израилден так жооп күтөт