Акылбек Жапаров Кытай премьери Ли Цян менен жолукту. Талкууланган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пакистанга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кытайдын Мамлекеттин Кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пакистанга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кытайдын Мамлекеттин Кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

2 / 2

Жапаров адегенде Ли Цянды Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктады

Жапаров адегенде Ли Цянды Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктады.

"Кытайда "жакшы кошуна баа жеткис байлык" деген сөз бар. Биздин кошунанын майрамы биздин да майрам, биздин да кубаныч", — деди өкмөт башчы.

Ал ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлушу, Бишкекте биргелешкен үч тараптуу компаниянын ачылышы, "Бедел" өткөрмө пунктунун ишке кириши, "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунун ачылышы сымал негизги окуяларды санап өттү. Жапаров өз ара соода активдүү өнүгүп, көрсөткүчтөр дээрлик 20 миллиард долларга жеткенин кошумчалады.
"Жолугушууда минкаб төрагасы алдыда аткарууга зарыл болгон иштерге да токтолду. Алсак "Бедел" өткөрмө пунктунун потенциалын күчөтүү үчүн Барскоон — Үчтурпан — Аксу автожолун куруу, "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрмө пунктуларынын ишин оптимизациялоо, жаңы аба коридорлорун ачуу сыяктуу долбоорлорго көңүл бурду. Кытай банктарынын филиалдарын ачуу, мамлекеттик баалуу кагаздарды Кытайдын акча бирдигинде чыгарууга көмөктөшүү туурасында бир катар сунуш пикирлери менен да бөлүштү", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ли Цян эки өлкө ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, мамилени мындан дагы бекемдөө жана алдыга коюлган чоң максаттарга жетүү үчүн биргелешкен кадамдарды жасоого даяр экендигин билдирди.
Акылбек Жапаров ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Пакистанга барды