Адамдын көркү чүпүрөк. Канткенде кымбат эмес бирок жарашыктуу кийим тандайбыз?

Sputnik
“Адамдын көркү чүпүрөк”- деп бекеринен айтылбаса керек. Чынында, кийимди туура кийүүнүн дагы белгиленген эрежелери бар. Топчуну бүчүлөө, галстукту туура тагынуу жана кийим менен шуру, сөйкөлөрдү айкалыштыруу жана башка көптөгөн майда, бирок маанилүү учурларга көңүл буруу керек. Ошондой эле, адам кийим тандаардан мурун кайсы түс тибине кирерин (адамдын чачынын, терисинин жана көзүнүн түсүнө жараша анын сырткы көрүнүшүнүн айрым белгилеринин жыйындысы) аныктап алышы керек. Сизде дагы көп айымдар сыяктуу бир жака чыгарда “эмне кийсем” деген суроо болобу? Кантип жарашыктуу, тыкан, сапаттуу кийим тандайбыз?
Бул үчүн стилист менен иштешүү керекпи? Ушул жана башка суроолорго жоопту “Көз мончок” программасынан уга аласыздар.