Кыргызстанда жүк, жүргүнчү ташуу өсүүдө. ЕАЭБдеги статистика

Кыргызстанда жүк ташуу 4,4 пайызга өссө, жүргүнчү ташуу 5,1 пайызга көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. ЕАЭБде жүк жана жүргүнчү ташуу өсүп жатат.
2024-жылдын январь-август айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы ЕАЭБ боюнча жүргүнчү ташуу арбып, 7,8 пайызга жеткен. Ошону менен өлкөлөр ичиндеги көрсөткүчтөр да жакшы болгон.
Статистика боюнча, эл ташууда эң көп өсүш Казакстанда (14,2 пайыз), андан кийин Беларуста (9 пайыз), Россияда (7,8 пайыз) жана Кыргызстанда (5,1 пайыз) катталган.
Мындан тышкары, көрсөткүчтү карай келгенде биримдикте жүк ташуулар 0,5 пайызга арбыганы байкалган. Анын ичинен Кыргызстанда жүк ташуу 4,4 пайызга, Беларуста 2,8 пайызга, Россия менен Казакстанда 0,5 пайызга өскөн.
Жүктөрдүн тоскоолдуксуз, эркин ташылышы — ЕАЭБ чөлкөмүндөгү төрт негизги макулдашуунун бири (калгандары кызмат көрсөтүү, капитал жана эмгек ресурстарына тиешелүү).
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесине Иранга экспортту күчөтүү сунушталды