ЕАЭБде масштабдуу санариптик долбоор ишке ашырылууда

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу министри Валентин Татарицкий "ЕАЭБ алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун ишке ашыруунун актуалдуулугун белгиледи.
Комиссиянын маалымат кызматы билдиргендей, ал "Россиялык стандартташтыруу жумалыгы" аталышындагы V эл аралык технологиялык форумда сөз сүйлөгөн.
"Санариптик техникалык жөнгө салуу — евразиялык мейкиндиктеги эң масштабдуу долбоор", — деди министр.
Түзүлүп жаткан платформа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
кагаздан баш тартып, техникалык регламенттер дароо эле санариптик платформада иштелип чыгат;
техникалык регламенттерди иштеп чыгууда кызматташууну жөнөкөйлөткөндүктөн бизнес жана өнөр жай үчүн артыкчылыктарды түзөт;
бул талаптарды издөө, аныктоо, долбоорлоо жана өндүрүш процессине жүктөө үчүн ыңгайлуу.
Кыргызстанда жүк, жүргүнчү ташуу өсүүдө. ЕАЭБдеги статистика