Байсалов: Кыргызстандын тагдыры жакырчылыкка байланган эмес

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тагдыры жакырчылыкка байланган эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз-Россия билим берүү форумунда билдирди.
"Көрсө Кыргызстан жакыр өлкө эмес экен. Эгер уурдабаса, башкаларга уурдаганга жол бербесе, көп улуттуу өзүбүздүн жерде деле бакубат жашаса болот экен. Ресурсубуз абдан көп, бирок эң баалуусу — таланттуу элибиз", — деди Байсалов.
Ал акыркы үч жылдан бери өлкө өсүү мезгилин башынан кечирип жатканын белгиледи.
Бүгүн Бишкекте Кыргыз-Россия билим берүү форуму башталды, ага Россиянын 40тан ашуун жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышууда.
Байсалов: кыргыз эли бизден Россияга жакын болууну талап кылууда