Бишкектеги атышуу: машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиевдин абалы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкекте атышуудан жаракат алган бокс боюнча улуттук кураманын мурдагы улук машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев жалпы палатага которулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бейтаптын абалы оор деп бааланууда.
"Бейтап эки литр кан жоготкон, азыр ал жалпы палатага которулду", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, 10-октябрда спорт дүйнөсүндө төбөсү көрүнүп калган адамдардын ич ара пикир келишпестигинен улам Бишкектеги бокс залдарынын биринде ок атылды. Натыйжада AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев каза таап, белгилүү машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиев жардамчысы экөө ок жеп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экени айтылган.
Милиция алгач Ырсалиев залга келип, ортодогу акча маселесинен улам Ниязалиевге доо кое баштаганын билдирди. Ырсалиев "Сайга" куралы менен Ниязалиевди ичке атып, андан кийин С.Э. аттуу жаранды бутка аткан. Акыры экөө күрөшө кетип, кокусунан атылып кеткен ок Ырсалиевдин башына тийген. Тартип сакчылар анын ошол жерде каза болгонун билдирди.
Окуядан кийин милиция кылмыш ишин козгоп, ИИМ жетекчилиги тергөөнүн жүрүшүн өз көзөмөлүнө алды.
Ноокатта өспүрүмдөр чатакташып, 14 жаштагы бала каза болду