Баткенде төрт адам кутурмага шектелип, ооруканага жаткырылды

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Баткен районунун Кара-Бак айылында 4 кишини жолбун ит тиштеп, ооруканага жаткырылды. Маалыматты Ветеринардык кызматтын эпизоотия бөлүмүнөн тастыкташты.
Ит тиштегендердин бири чоң адам, үчөө балдар экени (3, 7 жана 11 жашта) маалым болду.
"Учурда жеринде ветеринарлар иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Иттин ээси ким экени жана айбанат эмне себептен бошонуп кеткени такталууда. Ошондой эле иттин өзү кутурма менен ооруп-оорубаганын аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү", — деп билдиришти Эпизоотия бөлүмүнөн.
Радио
Шарапов: 2023-жылы өлкөдө кутурманын 36 учуру катталды