Ысык-Көл: Түптө оорукананын 60 орундуу имараты ачылды

Курулушка 88 миллион сом бөлүнүп, анда хирургия, төрөт, балдар жана реанимация бөлүмдөрү жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ачылышына министр Алымкадыр Бейшеналиев катышкан.
1 / 3

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты ачылды

2 / 3

Маалыматка ылайык, анын ачылышына министр Алымкадыр Бейшеналиев катышкан

3 / 3

Аталган эки кабаттуу имаратты курууга 88 миллион сом бөлүнүп, 60 орундуу корпуста хирургия, төрөт, балдар жана реанимация бөлүмдөрү жайгашканы кошумчаланды

"Бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган жаңы имараттын курулушу райондун тургундарына сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Биз мындан ары да өлкөбүздүн ар бир жашоочусу керектүү медициналык кызматтарды эң жакшы шарттарда алышы үчүн иш алып барабыз", — деди Бейшеналиев.
Аталган эки кабаттуу имаратты курууга 88 миллион сом бөлүнүп, 60 орундуу корпуста хирургия, төрөт, балдар жана реанимация бөлүмдөрү жайгашканы кошумчаланды.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын сынына жооп кайтарды