Радио

Мамытов: Ирандын дүйнөлүк экономикадагы орду чоң

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Иран өлкөсүнүн дүйнөлүк экономикада эмнеликтен маанилүү орунду ээлээрине токтолду.
Sputnik
Араб мамлекеттеринен чыккан мунайдын 30 пайыздан ашыгы Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу Европа өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул дүйнөлүк экономикада Ирандын орду чоң экенинен кабар берет. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Иран — Израиль жаңжалы курчуп кетсе дүйнөлүк экономика монетардык инфляцияга кептелиши ыктымал.
"Бүгүнкү күндө Иран – Израиль конфликти курчуп кетсе дүйнөлүк экономикага чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени бул — ири экономика байланган мунайды өндүрүүчү да, керектөөчү да өлкөлөр үчүн ыңгайсыз сценарий. Мунай өндүргөн араб мамлекеттери Европага экспорттогон продукция Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өтөрү маалым. Ал эми Иран зарылчылык жаралса бул кысыкты жаап коюу мүмкүнчүлүгү бар экенин жашырбайт. Учурда Европа өлкөлөрү бул багытта так кесе ойлорун айта албай, унчукпай турушкандай. Ал эми АКШ өз өлкөсүндөгү президенттик шайлоону тынч өткөрүп алууну көздөөдө. Иран — Израиль ортосунда чырдын курчуп кетпей тынчтык менен өнүгүүгө кызыкдарлыгын ачык билдирген Россия менен Кытай гана болуп турат. Бирок Израиль дайымкы колдоочусу АКШнын жардамы менен жасап келген агрессиясын токтотпосо, Иран да чечкиндүү кадамдарга барып, жыйынтыгында дүйнөлүк экономикада, биринчи кезекте Европада мунай тартыштыгынан чоң кризис жаралышы мүмкүн", — деди Мамытов.
Ал 1973-жылдагы "алты күндүк согуш" деген ат менен элдин эсинде калган Израиль — араб өлкөлөрүнүн кагылышындагыдай дүйнөлүк экономикада "негативдүү шок" кайталанышы ыктымалдыгын кошумчалды.