Бишкектин эки чоң көчөсү кайрадан эки тараптуу болду

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкектин эки негизги жолу — Сүйүмбаев (мурунку Карпинский) менен Гоголь көчөлөрү кайрадан эки тараптуу болгонун мэрия билдирди.
Мындай кадам көчөлөрдүн жүгүн жеңилдетүү жана жол тыгындарын алдын алуу үчүн жасалган.
Эми Сүйүмбаев көчөсү Жибек Жолунан тарта Москва көчөсүнө чейин эки тараптуу болот.
Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин Огонбаев менен Жибек Жолунун ортосундагы бөлүктөн да автоунаалар эки тараптуу жүрө баштай турганы айтылды.
Гоголь көчөсүнүн Жумабек менен Москва көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү эки тараптуу бойдон калат. Буга чейин Сүйүмбаев көчөсүндөгү ремонт иштеринен улам Гоголь көчөсү убактылуу эки тараптуу болгону айтылган.
Жол кирени карта менен төлөгүлө! Садыр Жапаров бишкектиктерге нааразы болду