Ташиев: адилеттүүлүктү тебелеп, Биволдун жеңишин уурдап алышты

Сауд Арабиянын министри да кармаштын жыйынтыгы адилетсиз болуп калганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Боксчулар Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин кармашы боюнча калыстар чыгарган жыйынтыкка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Биволдун жеңишин уурдап, калыстар тобу менен уюштуруучулар адилеттүүлүктү тепсешти деген пикирин билдирди.
Эске салсак, булгаары мээлей чеберлеринин "Бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону" наамы үчүн 12 раунддук беттеши Эр-Рияд шаарында өткөн. Чыккан жыйынтык боюнча, упай эсебинде Бивол утулган.
"Дима, сен жеңдиң. Биволдун жеңишин уурдап алышты, калыстар тобу менен уюштуруучулар адилеттүүлүктү тепсеп салышты, алар ал тургай адилеттүүлүктүн баасын түшүнбөй жатат!" — деп жазган Ташиев социалдык тармактагы баракчасына.
Эр-Рияддагы бул окуя Биволдун карьерасындагы биринчи утулуусу болду. Анткен менен калыстардын чечими далай талаш-тартыш, кызуу талкууга жем таштады. Социалдык тармактын көпчүлүк колдонуучулары жеңиш раунддарда жакшы туруштук берген булгаары мээлейчен Биволдуку экенин айтып жатышат. Алар калыстар тобу Биволду "тоноп" кеткенин жазышууда. Айрымдар беттеш жок дегенде тең чыгышы керек эле деген ойдо.
Көп өтпөй Сауд Арабиянын оюн-зоок иштери боюнча министри да оюндун жыйынтыгы адилетсиз болуп калганын айтты.
Сауд Арабия министри: Бивол менен Бетербиевдин беттешинин жыйынтыгы тууралуу