Бишкекте Горький көчөсүнүн бир тилкеси ачылып, айрым каттамдар өзгөрдү. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкекте Горький көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Юнусалиевге чейинки бөлүгү ачылып, айрым автобустардын маршруту өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эми №102, 145, 175 автобус каттамдары бул тилке менен кайрадан жүрө баштамакчы.
1 / 2

Бишкекте Горький көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Юнусалиевге чейинки бөлүгү ачылып, айрым автобустардын маршруту өзгөрдү

2 / 2

Эми №102, 145, 175 автобус каттамдары бул тилке менен кайрадан жүрө баштамакчы

Ошондой эле №48 автобустун каттамы да убактылуу өзгөрүп, акыркы аялдамасы Учкун конушуна чейин узартылды.
Белгилей кетсек, мэрия алты ири көчөдө, анын ичинде Горький көчөсүндө Айтматовдон 7-Апрель проспектине чейин оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.
Радио
Кыргызстандык айдоочулар жүк жана жүргүнчү ташып 41 мамлекетке кирип-чыгат