БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкекте жакында шаарды көрктөндүрүү боюнча жаңы эрежелер кабыл алынды. Анын көпчүлүк бөлүгүндө таштандыны ылгоо жана аны чыгаруу тууралуу жазылган.
Шаарда таштанды челектеринин аралыгы канча болушу керектигин жана ишембиликке чыгуу эрежелерин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде юрист Владимир Плужник айтып берди.
Жаңы эрежелерге ылайык, таштанды челектер менчик ишканалардын имаратынын эле эмес, мамлекеттик уюмдардын да, көп кабаттуу үйлөрдүн да жанында орнотулушу шарт.
"Эреже боюнча, парк жана скверлерде ар бир 50 метр сайын, көчөдө жана көп кабаттуу үйлөрдүн жанында ар бир 100 метр сайын таштанды челектер коюлушу керек. Турак жай ээлеринин бирикмеси кеңешип көп кабаттуу бир үй үчүн бир урна койсо болот, анткени жаңы эрежеде бул так жазылган эмес. Ал эми андагы таштанды күнүнө эки ирет тазаланышы керектиги белгиленген, демек, бирикме өз ара кеңешип кошумча каражат топтоп, анын чыгарылышын ишке ашыруусу зарыл. Жаңы эрежени сактабагандарга айып салынары жазылган", — деп түшүндүрдү юрист.
Ошондой эле Плужник, жаңы эреже боюнча, ар бир ишкананын кызматкерлери жана көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары ишембиликке чыгышы керектигин билдирди.
"Ошол эле учурда Эмгек кодексинде жумуш берүүчү кызматкерлерди келишимде жазылбаган иш-чараларга катышууга мажбурлай албайт деп так көрсөтүлгөн. Ал эми иерархия боюнча кодекс эрежеден жогору турат. Ага кошумча, жаңы эрежеде ишембиликке түшүндүрмөлөр жана ага кандай иш-аракеттер кириши керектиги көрсөтүлгөн эмес", — деди Плужник.