Көбүрөөк төрөгүлө! Ташиев УКМК кызматкерлеринин жубайларына кайрылды

УКМК төрагасы үйлөнбөй, турмушка чыкпай жүргөн кызматкерлерин да турмуш курууга чакырып, үй-бүлө, бала-чакасыз келечек болбой турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы "Акылман" бала бакчасынын ачылышында атайын кызматта иштегендердин жубайларына кайрылып, аларды көбүрөөк балалуу болууга чакырган.
"Биздин кызматкерлерди, жубайыңарды жакшылап карагыла. Кээде кеч, кээде эрте келип калат. Ошондой маалда түшүнүү менен кабыл алып, булардын ишинин оордугун, татаалдыгын түшүнүп, купуялуулугун сактай турган силерсиңер. Силерге өзүнчө рахмат айтып коеюн. Ден соолукта болгула, балдарды жакшылап өстүрө бергиле. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде 5-6дан бала болушу керек. Ошондо Кыргызстан өнүгөт. Кыргызстан жөндөн-жөн өнүгүп кетпейт. Турмушка чыгып, үйлөндүңбү, ден соолук барбы, төрөгүлө, баланы көбөйткүлө! Калганын, үй менен, айлык акы менен биздин кызматкерлер камсыз кылат, булардын колунан келет", — деген Ташиев.
УКМК төрагасы үйлөнбөй, турмушка чыкпай жүргөн кызматкерлерин да турмуш курууга чакырып, үй-бүлө, бала-чакасыз келечек болбой турганын белгилеген.
"Жумуш деп жүрүп, үй-бүлөнү унутпагыла. Бүлө күтүп, көп балалуу болгула. Кыргызстандын саны 10-20 миллионго жетиши керек. Катуураак айтып койсом капа болбоңуздар", — деген ал.
Камчыбек Ташиев Оштогу 2 тургунга баласы салып берген үйлөрдү тапшырды. Сүрөт