Бишкек мэри Россиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Тараптар эки өлкөнүн шаарлары ортосундагы өнөктөштүктөгү кызматташууну талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан маалымдалды.
Билдирүүгө ылайык, алар эки өлкөнүн шаарлары ортосундагы кызматташууну талкуулашкан.
"Элчи менен мэр шаарлар ортосунда түрдүү тармактарда кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындай алакалар эки жакка тең пайдалуу болот деген ишенимин билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.
Россиялык элчи Путиндин атынан БАМды курган 4 кыргызстандыкка медаль тапшырды