БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан ушул жылдын тогуз ай аралыгында жүргүнчү жана жүк ташыган 520 794 унаа текшерилген. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 150 протокол түзүлгөн.
"Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуу эрежелеринин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке тогуз ай ичинде 86 миллион 248 226 сом айып пул түштү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде 44 миллион 906 142 сом жыйналган", – деп айтылат маалыматта.
Мекемеден белгилешкендей, текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пунктуларында, станцияларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.
"Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз", — деп кошумчаланган маалыматта.