Тарых музейинде жаңы бөлүм ачылып, мамлекетти түптөгөндөр боюнча көргөзмө болот

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Улуттук тарых музейинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган жаңыланган экспозиция бѳлүмү ачылып, "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгѳндүгүнѳ 100 жыл" аталышындагы кѳргѳзмѳ уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, көргөзмөдө Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Жанузаков, Төрөкул Айтматов жана башка мамлекеттүүлүктүн башатын түптөгөн көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана ишмердүүлүгүн чагылдырган эмгектер коюлат.
Ошондой эле архивдик документтер, сүрөттөр жана буюм экспонаттары аркылуу кызыктуу маалымат берилери кошумчаланды.
"Казыбек казалчы" китеби түрк тилине которулуп, түрк дүйнөсүнө таанылды