14-октябрдан тарта Боомдо таш кулатылып, автоунаалар бир тилке менен жүрөт

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери. Архив
Мындай иштер сел жана таш кулоону алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Боом капчыгайында 14-18-октябрда таш кулатылып, автоунаалардын жүрүшү чектелет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
"Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 128-чакырымында күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин таш кулатуу иштери жүрөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен каттайт. 30-40тан ашык автокөлүк топтолсо таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, автоунаалар өткөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Мындай иштер сел жана таш кулоону алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Жайкы дөңгөлөктөрдү алмаштыруу. Архив
Дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырбагандар "Сосновка" жана "Кара-Көлдөн" артка кайтарылат