Камчыбек Ташиев Баткендеги ипотекалык үйлөргө капсула салды. Сүрөт

"Асман резиденс-1" турак жай комплексине 12 кабаттуу үйлөрдү куруу пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салды

2 / 5

Маалыматта белгиленгендей, Баткен шаарына жакынкы жылдар аралыгында 5 000 батир куруу пландалган. Учурда 2 366 батирдин курулушу башталды

3 / 5

Билдирүүдө шаардагы "Асман резиденс-1" турак жай комплексине 12 кабаттуу үйлөрдү куруу пландалганы белгиленген

4 / 5

Анда бала бакчалар, жер астындагы унаа токтотуучу жайлар жана башка зарыл болгон бардык шарттар болот

5 / 5

Ташиев президент ага мындагы үйлөрдүн курулушуна бөлүнгөн каражаттын уурдалышына жол бербей, тиешелүү максатта пайдаланылышын көзөмөлдөөнү тапшырганын айтты

Маалыматта белгиленгендей, Баткен шаарына жакынкы жылдар аралыгында 5 000 батир куруу пландалган. Учурда 2 366 батирдин курулушу башталды.
Билдирүүдө шаардагы "Асман резиденс-1" турак жай комплексине 12 кабаттуу үйлөрдү куруу пландалганы белгиленген. Анда бала бакчалар, жер астындагы унаа токтотуучу жайлар жана башка зарыл болгон бардык шарттар болот.
Ташиев президент ага мындагы үйлөрдүн курулушуна бөлүнгөн каражаттын уурдалышына жол бербей, тиешелүү максатта пайдаланылышын көзөмөлдөөнү тапшырганын айтты.
"Баткен шаарындагы бул курулуштар дагы менин көзөмөлүмдө болот, элдин бир тыйынын эч кимге уурдатпайм. Бул үйлөр жарандардын турак үй менен камсыз болушуна, чет жактарда үй алам деп кыйналып жүргөн мекендештерибиздин кайтып келишине өбөлгө болот деп ишенебиз. Баткен шаарын толугу менен кайрадан куруп чыгабыз. Заманбап жашоо үчүн ыңгайлуу шаарлардын бирине айландырабыз", — деген ал.
УКМК төрагасы курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышкан.
Камчыбек Ташиев Оштогу 2 тургунга баласы салып берген үйлөрдү тапшырды. Сүрөт