Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга кетти. Делегациянын курамы

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумга катышат.
Расмий делегациянын курамындагылар:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров.
Нариман Түлеев турак жай комплексиндеги курулушту Садыр Жапаровго көрсөттү