БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Мастар үчүн атайын жайларды түзүү каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, милиция коомдук тартипти бузуп, адамдарга коркунуч жараткан мас абалындагы адамдарды атайын жайларга алып барууга укук берилмекчи. Ал эми жергиликтүү органдарга бул жайларды уюштуруу милдети жүктөлөт.
"Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы алкоголду, баңгизат жана башка психоактивдүү заттарды колдонууга байланышкан укук бузуулардын жана кылмыштардын өсүшү менен шартталган", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Ошондой эле анда коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн айрым эркиндиктерди чектөө зарылдыгы жаралары кошумчаланган.