БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аба ырайы бузулуп, ашууларда кар жаап жатканына байланыштуу айдоочуларга кайрылды.
Негизги учурлар:
тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол жүргөндө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу керек;
алыс жолго чыккандардын жанында музга туруштук бере турчу атайын чынжырча болушу шарт;
"Сосновка" жана "Кара-Көл" пунктуларында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарылат;
ашуу ашып жатып авариялык абалга кептелсеңиз унаа токтотууга коюлган ташты дароо жолдон алып коюңуз. Анткени ал жол кырсыгы коркунучун пайда кылып, жасалма тыгын жаратат;
кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз! Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына да тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз;
унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо — кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.
Министрликке караштуу жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүүгө даяр.
Эске салсак, ӨКМ алдыдагы аптада өлкө боюнча аба ырайы бузулуп, күн суук болорун эскерткен. Ошондой эле жаан-чачындан улам сел жүрүү, таш кулоо кооптуулугу күч алышы ыктымал экенин билдирген.