Камчыбек Ташиев Оштогу 2 тургунга баласы салып берген үйлөрдү тапшырды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу селден жабыркаган эки тургунга баласы салып берген үйлөрдүн ачкычын тапшырды.
Беш бөлмөлүү үйлөр Таймурас Ташиевдин каражатынан айылдагы төрт балалуу жалгыз бой эне менен дагы бир тургунга эки айда салынып берилген.
1 / 4

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу селден жабыркаган эки тургунга баласы салып берген үйлөрдүн ачкычын тапшырды

2 / 4

Беш бөлмөлүү үйлөр Таймурас Ташиевдин каражатынан айылдагы төрт балалуу жалгыз бой эне менен дагы бир тургунга эки айда салынып берилген

3 / 4

Эске салсак, июлда Кара-Суу районунун Мады айылында сел жүрүп, турак жайлар жарактан чыккан эле

4 / 4

Анда УКМК төрагасынын уулу эки үй-бүлөгө үй куруп берүүнү убадалаган

"Элибиздин башына кандай гана көйгөй келбесин, биз ар дайым колубуздан келген жардамыбызды берүүгө милдеттүүбүз. Мен балдарыма ар дайым эл-журтка күйүмдүү болууга, мүмкүнчүлүккө жараша жардам колун сунууга чакырып келемин жана Таймурас уулумдун бул мекендештерибизге жасаган кызматы үчүн ыраазымын", — деген УКМК башчысы.

Эске салсак, июлда Кара-Суу районунун Мады айылында сел жүрүп, турак жайлар жарактан чыккан эле. Анда УКМК төрагасынын уулу эки үй-бүлөгө үй куруп берүүнү убадалаган.
"Таймураска ыракмат айталы". Президент Ташиевдин баласы жөнүндө