БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 2025-жылы автобустардын саны 1500гө чейин көбөйөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Сарымсаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, бул Бишкекти камсыз кылууга жетет.
"Келерки жылдан тарта Бишкектин коомдук транспорту үчүн тилкелерди активдүү ишке киргизебиз. Биз өзүбүздүн каражатыбызга кошумча автобустарды сатып алууга чамасы жеткен, өзүн актай турган абалга баратабыз", — деди Сарымсаков.
Ал кошумчалагандай, транзакциялардын саны өсүүдө. Система жаңы ишке киргенде 180 миң транзакция жүргөн, учурда орто эсеп менен күнүнө 750 миңди түзөт.
"Компаниянын кирешеси көбөйүп жатат. Бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү жабдууларды жана унаа жуучу комплекстерди сатып алууга мүмкүндүк берди. Жакынкы келечекте коомдук транспортубуз сааттын жебесиндей иштейт деп ишенем", — деди департамент жетекчисинин орун басары.