Баткен облусунун 25 жылдыгына карата кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт

Иш-чара 13-октябрь күнү саат 10:00дө борбордук стадиондо болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Алдыдагы жекшемби, 13-октябрда, Баткен шаарында кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөрүн президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулууда.
Мелдешке катышкан 70, 80 жана 85 килограмм салмактагы балбандарга баш байгеге автоунаа коюлган. Мындан тышкары, жеңишке жеткендерге муздаткыч, сыналгы, тай жана башка баалуу белектер берилери айтылды. Ал эми өспүрүм балбандар арасында акчалай сыйлыктар ойнотулат.
Мелдеш борбордук стадиондо саат 10:00дө башталат, катышуучулар таразага 8:30дан 9:30га чейин түшүшү зарыл.
Баткен облусуна 25 жыл. Мааракеге карата аймакта эмне иш-чара өтөт?