Жумушчуларды камсыздандыруу кандай таризде жүрөт?

Sputnik
КРдин укук бузуулар Камсыздандыруу мыйзамы 2008-жылы кабыл алынган. Аны аткарбагандарга эч кандай чара көрүлчү эмес, азыр мыйзамга толуктоолор киргизилгендиктен камсыздандыруу милдеттүү түрдө жүрөт. Учурда өндүрүштө иштеген жумушчуларды да камсыздоо милдеттендирилди. Алар ишинин кооптуулугу боюнча тарифтер менен келишим түзөт. Милдетин аткарбаган жеке жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул каралган. Өнөр жай кызматкерлерин камсыздандыруу келишими жумуш берүүчүнүн берген маалыматы боюнча жүргүзүлөт. Ал ишканада канча адам иштесе алар тууралуу толук маалымат берет. Анда жумушчулардын ар биринин аткарган кызматы жана бир жылдык маянасы да көрсөтүлөт. Ага ылайык токтом менен бекитилген чен бирдигинин негизинде камсыздандыруу уюмуна жылына төлөм жүргүзүлөт жана келишим түзүлөт.
Камсыздандыруу да иш берүүчүнүн адистик тармагынан да көз каранды.