Израилдин Жакынкы Чыгышта көздөгөнү эмне? Көп уюлдуулукка каршы согуш

Эксперт Жакынкы Чыгышта коопсуздуктун теңме-тең жана бөлүнгүс принциптери сакталмайын, ошондой эле борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлмөйүн тынчтык орношу мүмкүн эмес деп эсептейт.
Sputnik

Региондогу согуш кимге керек?

Жакынкы Чыгышты барган сайын чоң согуштун сазына батырып бара жаткан Израиль менен Американын түпкү максатын азырынча түшүнүү кыйын, анын үстүнө ноябрда АКШда президенттик шайлоо да өтөт. Израиль согуш шартында гана жашап, өнүгө аларын жакшы билебиз. Бул үчүн тарыхка бир кылчаюу жетиштүү, Израиль мамлекеттүүлүгүнүн Палестинанын аймагында пайда болушу, өнүгүү этаптары жана декларациясы Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардын жыйынтыгы менен байланыштуу. Ал эми Жакынкы Чыгыштагы аскерий жаңжалдар эл аралык мамилелердин эки уюлдуу системасы Израилдин кеңейишин чектеп келгенин, 1991-жылы анын кыйрашы менен Тель-Авив Палестинаны акырындап экспансиялап, жалпы региондо террорго жол ачканын көрсөттү.
Көп уюлдуу жаңы дүйнө тартибин түзүүнү белгилүү себептер менен АКШ каалабайт, Америка ушу кезге чейин глобалдуу үстөмдүккө умтулуп келет. Ал эми дал ушул Израилге "бир уюлдуу мыйзамсыздык" керек, бул Тель-Авивге өзүнүн коопсуздугу үчүн Вашингтондун колдоосу менен Жакынкы Чыгыштын чек арасын улам кертип-кескилеп, 1967-жылы бекитилген чек арасы менен Палестина мамлекетин түзүү макулдашуусунан биротоло четтеп "палестин маселесин аягына чыгарууга" мүмкүнчүлүк берет.
Жамааттык Батыш жан далбастап таңуулаган дүйнө тартиби ушундай. Бул контексттен алып караганда Жакынкы Чыгыштын тынчып калышы АКШ үчүн деле керек эмес, президенттик шайлоонун жакындашы да буга тоскоол боло албайт. Географиялык абалынын өзгөчөлүгүнөн улам Америка бир аймактагы жаңжалды же кризисти оңой эле көтөрүп коет, керек болсо андан пайда да көрө алат, буга эки дүйнөлүк согуш далил. Эгер Израиль согуш баштаган кунуна Палестинаны жок кылууну сураса, АКШга үстөмдүгүн орнотууга БУУ жана Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ мүчөлөрү, өзгөчө Кытай менен Россия жолтоо болууда.

Аймактагы ызы-чуу эмнеге кептейт

Жакынкы Чыгышта адамдарды саясий себептерден улам өлтүрүү көнүмүш нерсеге айланып, Израилдин аталган региондо жүргүзгөн саясатынын өзгөчөлүгү болуп саналат. Израилдин саясатчылары башынан эле дипломатиядан баш тартып, коңшулар менен маселе чечүүдө күч ыкмаларын тандап алган. Палестиналык ХАМАСтын аткаруу комитетинин башчысы Исмаил Ханиянын, андан соң ливандык "Хезболланын" башкы катчысы Хасан Насрулланын өлтүрүлүшү Изарилдин колунан өлгөн лидерлерлин тизмесин толуктады.
Тилекке каршы, ушу тапта эл аралык коомчулуктун Тель-Авивге таасир эте ала турган куралы жок, бул АКШнын коопсуздук кепилдиктери менен байланыштуу. Натыйжада Израиль эл аралык укук маселелерине тандалмалуу мамиле жасап, өзүнө жакканын гана аткарып көнгөн. БУУ Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын Израиль көп учурда аткарбайт, буга улай Тель-Авивдин БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришти нон-грата персонасы деп жарыялашын бүтүндөй БУУ системасына түкүргөндүк деп баалоого болот.
Израилдин Палестина менен Ливандагы операциялары, Сирия менен Йемендеги абадан байма-бай жасалган рейддери Тель-Авивдин аталган мамлекеттердеги стратегиялык маселелерин чечүүгө гана багытталбастан, чатакка Израиль эле эмес АКШнын өзүнө да туруштук бере ала турган Жакынкы Чыгыштагы жалгыз өлкө Иранды тартуу менен абалды чыңалтуу максатын көздөйт. Израилдин абадан коргонуу системаларын оңой эле кыйгап өтүп жасалган Ирандын ракеталык чабуулу Израиль Жакынкы Чыгышта аскерий-технологиялык артыкчылыкка ээ өлкө деген уламышты жокко чыгарды. Ирандын ракеталык чабуулунун мизин кайтарууга Улуу Британия, АКШ жана Иорданиянын кошулуп жасаган аракети да майнаптуу боло алган жок, мындан улам ракетанын көбү мээленген бутага тийген.
Израиль менен АКШ Ирандын аскердик мүмкүнчүлүгү кыйла жогору экенин, Тегеран эле эмес, бүтүндөй регион үчүн кооптуулук жаралса кабагым-кашым дебей колдоно аларына ынанды. Израилдин Ливанда активдешүүсүнөн улам кооптуулук жаралары айкын болуп калды, бирок Тегеранга каршы туруу үчүн Тель-Авив Вашингтондун жардамына таянып турганы да маалым.
Чынында АКШ эл аралык мамиледе БУУнун ордун кандай көрөрү белгисиз, бирок Израилдин жардамы менен глобалдуу коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү инструменттердин бири болгон БУУнун Коопсуздук кеңешинин дискуссиялык клубга айланып калышына Вашингтон күнөөлүү. Дал ушул АКШ Газа секторундагы кан төгүүнү токтотуу аракеттерине каршы чыгып, эми эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн Ливанга каршы агрессиясын токтотуу талабын көз жаздымда калтырып келет.
Израилдин Гутерришке көрсөткөн каршылыгында АКШнын "өз жагына" (жамааттык Батыш) БУУнун пайдасыздыгын көрсөтүп, далилдөө ниети көрүнүп турат, Вашингтон мунун негизинде Коопсуздук кеңешин толук реформалоого чакырык таштамакчы. Максат — уюмга Германия менен Японияны туруктуу мүчө кылуу. Албетте, бул эми такыр эле болбой калды дегендеги сценарий, Россия менен Кытай буга жол бербейт. Москва менен Пекин, тескерисинче, дайым БУУнун ордун белгилеп, ал адилеттүү дүйнө тартибин түзүүдөгү эл аралык укук системасы экенин айтып-деп келет.
Израилдин соккусунан Газада 42 миң киши каза болду

Дүйнөнү жаңылоого бут тосуу

Чечүүчү мааниге комплекстүү регионалдык трансформациялардын натыйжасында жаңы дүйнө тартиби акыры орнойт. Батыш менен НАТОнун согуштук аракеттери Европа багытында Украинанын колу менен Россияга каршы жүргүзүлүп жатса, Азия-Тынч океаны регионунда АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын аскерий байланыштарынын жанданышынан улам Тайвандын айланасында абал чыңалып турганын көрөбүз. Бул Кытай үчүн кооптуу. Россия дүйнө тартибин түп-тамырынан өзгөртүүнү демилгелеген, Кытай да чечимдер кабыл алына турган глобалдуу борбор экени маалым.
Акыркы окуялар Иран Евразиянын алкагында да, жаңы калыптанып келе жаткан БРИКС айдыңында да транспорттук, энергетикалык жана соода-экономикалык долбоорлордун ишке ашырылышы көз каранды болгон Жакынкы жана Орто Чыгыштагы маанилүү мамлекеттердин бири экенин көрсөттү. Мындан улам Иранды Жакынкы Чыгыштагы согушка тартуу АКШ, Израиль жана жамааттык Батыштын жаңы, адилеттүү дүйнө тартибин орнотуу процессин жайлатууга жасаган аракети катары кабылдоого болот. Тегерандын токтоолугу азырынча аймактагы кырдаалдын биротоло курчуп кетишин алдын алып турат.

Тынч жашоо орнойбу...

Жакынкы Чыгышта баарына бирдей жана бөлүнгүс кооптуулук принциптери сакталып, көз карандысыз Палестина мамлекети жарыяланмайынча тынчтык орношу мүмкүн эмес. Эки шартка тең АКШ да, Израиль да макул болбойт. Ал арада Жакынкы Чыгыш евразиялык коопсуздуктун жаңы архитектурасын түзүү процесстеринен четте кала албасы да бышык. Жаңы дүйнө тартиби региондо пикир келишпестиктерди алдын алат. Ошону менен бирге бул демилге Евразия, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы канды булоонго жол бербейт деп ишенимдүү айтууга негиз бар.
Мыйзам жолуна түшкөн "Талибандын"* дүйнөгө кереги канчалык? Талдоо