Бишкек мэриясы: автобустарда накталай эмес төлөм рекорддук көрсөткүчкө жетти

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 2024-жылдын тогуз айында Бишкектеги троллейбустар менен автобустарда жол кире акысы 72 миллион жолу накталай эмес төлөнгөн. Бул тууралуу "Тулпар" операциялык долбоорунун директору Бекжан Акматбеков билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көп. Мындай рекорддук өсүш транспорттук парктын жаңыланышы жана QR төлөмдөрүнүн популярдуулугунан улам мүмкүн болгон.
"Акыркы жылдары коомдук транспортту модернизациялоодо олуттуу иштер жасалды. "Тулпар" долбоорунун алкагында QR сыяктуу заманбап төлөм ыкмаларын колдонуу жарандар арасында тездик менен жайылды. 2024-жылы накталай эмес төлөнгөн сапарлардын орточо айлык саны 8 миллионго жетип, күнүнө орто эсеп менен 400 миң сапар накталай эмес төлөнөт", — деди Акматбеков.
Сентябрь рекорддук ай болгон, анда накталай эмес система аркылуу 11 миллиондон ашык сапар төлөнгөн. Ал эми 2022-жылы 7 миллион сапар накталай эмес төлөнсө, 2023-жылы 24 миллионго жеткен.
Вице-мэр накталай жол кире эмнеден улам көтөрүлүп жатканын түшүндүрдү