10-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот. Даректер

Суунун өчүрүлүшү. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мэрия 10-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болорун эскертти. Бул күнү Батыш-2 суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүрөт.
Саат 10:00дөн 21:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу токтотулары айтылды.
Чектөө төмөнкү даректерде болмокчу:
Ала-Арча суусу — темир жол — Жибек Жолу проспекти — Жаш Гвардия бульвары;
Жаш Гвардия бульвары — темир жол — Фрунзе көчөсү — Манас проспекти;
Дэн Сяопин проспекти — Ала-Арча суусу — Бөкөнбаев — Кулиев — Москва — Фучик — Казаков көчөлөрү.
Калаа мэриясы шаар тургундарынан ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, суу камдап алууну эскертти.
Бишкектеги коммдук транспорттун иши. Архив
Бишкек мэриясы накталай төлөмдөр үчүн жол кирени көтөрүүнү пландап жатат