Күз-кыш мезгилине карата көмүрдү казуунун көрсөткүчү жана баалары

Sputnik
Өлкөдө күз-кыш мезгилине болгон даярдык көрүлүүдө. Маалым болгондой, быйыл көмүр казуу иштери жылдагыга салыштырмалуу эрте башталган. Быйыл план боюнча, Кара-Кечеден 1 миллион тоннанын тегерегинде казып алуу турат. Анын 520 миң тоннасы менен Бишкек шаардык жылуулук борбору камсыздалат. Бүгүнкү күндө Бишкек менен Чүйдө көмүр отунун сатуучу 16 топ база ачылган. Көмүргө эки этап менен баа коюлган. Ушул жылдын май айында өкмөттүн №265 токтому менен ТЭЦке ташылуучу Кара-кеченин баасы коюлган жана Экономика министрлигинин №78 буйругунун алкагында шаарлардагы, облустардагы бүт базаларга баа коюлган. Түндүк тарапта көмүр 5500 сомдон, ал эми түштүк аймагында 7600 сатылууда.
Бүгүнкү “Ачык кеп” берүүсүнүн алкагында коноктор быйыл көмүрдүн баасына 300 сом кошулганын айтышты.