10-октябрга карата аба ырайы

10-октябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-0кт. — Sputnik. 10-октябрь, бейшембиде, бийик тоолуу райондордо жамгыр, кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жергесинде +15…+20, Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +25…+27 градуска көтөрүлөт.
Баткен облусуна 25 жыл. Мааракеге карата аймакта эмне иш-чара өтөт?