БИШКЕК, 8-окт. - Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин КМШнын Москвадагы саммитинде бир катар билдирүүлөрдү жасады.
РФ президентинин айткандары:
терроризмге, экстремизмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен ишинин негизги багыты болуп саналат;
улуттук валюталарды колдонууга багытталган тышкы факторлордон көз карандысыз каржы системасы түзүлүүдө. Өз ара эсептешүүдө улуттук валюталардын үлүшү 85 пайыздан ашат жана улам өсүүдө;
КМШнын бардык өлкөлөрү БУУнун башкы ролунун алдында эл аралык укуктун принциптерине негизделген адилеттүү тартипти түзүүнү жакташат;
биз глобалдык жана аймактык негизги маселелер боюнча позицияларыбызды дайыма координациялап турабыз жана биздин мамиле жакын же бири-бирине дал келет;
КМШга төрагалык кылуу 2025-жылы Тажикстанга өтөт. Россия бул боюнча Тажикстанга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр.