Жер көчкүнү болтурбоо үчүн Өзгөндөгү Аюу айылында жер кыртышы ташылууда

ӨКМ жер көчкүнү тектирлеп түшүрүү иши аяктаса Аюу айылынын тургундарына, мектепке жөө барып келген окуучуларга ыңгайлуу шарт түзүлөрүн кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл аймагынын Аюу айылында жер көчкү жүрүү кооптуулугун жоюу үчүн жер кыртышын ташуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жер көчкү жүрүү кооптуулугун жоюу долбоорун Азия өнүктүрүү банкы каржылап жатат. Долбоордун жалпы сметалык баасы 185 миллион сомду түзөт.
"Учурда айылдын өйдө жагындагы жер кыртышы тазаланып жатат. Бүгүнкү күндө жумуштун 60-70 пайызы аткарылды. Кар түшкөнгө чейин кооптуу болгон жер кыртышын алып чыгып, бак-дарак тигүү пландалууда", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик аймактагы 49 турак жай, 2 социалдык имарат жана башка инфраструктура коопсуз абалга келтирилерин белгиледи.
"Ошондой эле Аюу айылындагы узундугу 2,6 чакырым болгон жалгыз унаа жолун кеңейтүү жана жакшыртуу боюнча кошумча долбоор иштелип чыгып, бул иш да жер көчкү долбоору менен биргеликте жүрүп жатат", — деп айтылат кабарда.
ӨКМ жер көчкүнү тектирлеп түшүрүү иши аяктаса Аюу айылынын тургундарына, мектепке жөө барып келген окуучуларга ыңгайлуу шарт түзүлүп, оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы жеңилдээри белгиленди.
Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги