Салык кызматы нефтетрейдерлердин күйүүчү май боюнча дооматына жооп кылды

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын күйүүчү май боюнча дооматына жооп берди.
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майды маркалоого тынчсызданып, натыйжада баа көтөрүлүп, бизнес жана экономика үчүн тобокелдиктер пайда болорун айткан.
Салык кызматы тараткан билдирүүнүн урунттуу учурлары:
күйүүчү майды маркалоонун баасы бекитилген. 1 литри 37 тыйынды түзөт. Баа эки жылда бир макулдашылып турат;
азыр күйүүчү май ЕАЭБ өлкөлөрүнөн гана импорттолгондуктан бажы алымдары алынбайт;
күйүүчү майды маркалоо системасы киргенде салык ставкалары жогорулатылбайт, жаңы салык киргизилбейт;
акциз салыгы маркалоого арыз берилгенге чейин төлөнөт;
"Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө" токтомдун долбоору koomtalkuu.gov.kg порталында коомдук талкуу этабынан өткөн;
күйүүчү майды импорттогондор жана өндүрүүчүлөр менен ушул жылдын апрель айында бир нече жолу кеңешме өткөрүлгөн. Бардык сунуштар жана сын-пикирлер долбоорду толуктоодо эске алынды;
оператор (сингапурдук компания) милдеттенмелерди өз убагында аткарбаса айып пул салынат.
Салык кызматы күйүүчү майга көзөмөлдү күчөтөт. Жол-жобосу