Зардалыга салынчу жолдун наркы 390 млн. сомго жетери белгилүү болду

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Баткен облусундагы Зардалы айылына жол салуу үчүн тендер жарыяланды. Тиешелүү жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Жаңы курулчу жолдун узундугу 4,2 чакырымды түзөт.
Компаниялар 22-октябрга чейин тапшырык берип, ал эми иштер бир жылдын ичинде аякташы керек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров аталган айылга барып, калктуу конушка бара турган жолдун курулушу башталарын айткан.
Зардалынын зарыгып күткөн жолу кандай салынып жатат? Видео