Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Киевде Москвага аймактын бир бөлүгүн өткөрүп берүү талкууланып жатат

Кремлден Киев режимине Россияга кошулган төрт субъект боюнча жаңы реалдуулукту эске алууга туура келерин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Киев бийлиги НАТОго мүчө болуусуна жана башка коопсуздугуна берилүүчү кепилдиктерге алмашуу үчүн Россияга аймактын бир бөлүгүн кайтаруу боюнча жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул туурасында Financial Times жазды.
Макалада Украинанын 1991-жылдагы чек араны калыбына келтирүүгө аскер күчү жана Батыштын куралы жетпейт деп кооптонуп жаткандыгы айтылат. Мындан улам согушту жөнгө салуунун альтернативалуу жолдору талкууга алынууда.
"Россиянын эгемендүү бөлүгү катары таанылбаса да Москва учурда Украинанын бештен бир бөлүгүн майнаптуу көзөмөлдөй турган келишим боюнча сүйлөшүүлөр жабык эшик артында жүрүп жатат. Ал эми өлкөнүн калган бөлүгүнө НАТОго кирүүгө уруксат кылынышы мүмкүн же ушул сыяктуу коопсуздук кепилдиги берилиши керек", — деп айтылган макалада.
Буга чейин Киев бийлиги Россиянын аскерлери СССР кулаган учурда Украинаныкы болуп турган аймактан чыгып кетмейинче Москва менен сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүн эместигин айткан эле.
Кремлден Киев режимине Россияга кошулган төрт субъект боюнча жаңы реалдуулукту эске алганга туура келерин айтышкан. 2022-жылдын февраль айында Владимир Путин Батыш коопсуздук боюнча тобокелдиктерди жарата бергендиктен Россияда атайын операциядан башка чара калбагандыгын айткан эле. Ал Москва НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча 30 жылдан бери сөзгө келүүгө аракет кылып, бирок курулай убада, калп жана опуза менен жасалган басымга күбө болуп келгендигин белгилеген.
"Түндүк альянс ал арада Россиянын чегине жакындап, кеңейтүүгө умтулду" деген Путин. Мындан сырткары, 2024-жылдын июнь айында РФ лидери ТИМ жетекчилиги менен жолукканда сүйлөшүүлөрдү баштоодогу шарттарды айткан. Алардын арасында Киев режиминин НАТОго кирүү ниетинен баш тартуусу да болгон.
Путин Россия жөнгө салган тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн нейтралдуу, блоктон тышкары, өзөктүк куралы жок деген макамдагы постсоветтик республика болушу керектигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сүйлөшүүлөр жүрүшү керек. АКШда атайын операция боюнча билдирүү жасалды