Кыргызстандагы мектептер дагы эле агайларга муктаж. Мугалимдер тууралуу

Статистика комитетити мектеп мугалимдеринин 86 пайызын аялдар түзөрүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берген 5000ге жакын мекеме иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, анда 118 миңге жакын педагог 2 миллиондон ашык тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди даярдайт.

"Басымдуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Тактап айтканда, мектеп мугалимдеринин саны 94 миңге чукул. Бул кесипти негизинен аялдар тандашкан. Мектептердеги мугалимдердин 86 пайызын аялдар түзөт. Алардын 5 пайызы директор жана директордун орун басары кызматын ээлешет", — деп айтылат маалыматта.

Комитет 2023-2024-окуу жылынын башына карата мугалимдердин дээрлик 87 пайызынын жогорку билими бар экендиги белгилүү болгонун кошумчалады. Ошондой эле республикадагы ар бир бешинчи студент педагог кесибин тандаганын белгиледи. 2023-2024-окуу жылында 7000ден ашык студент мугалимдик кесип боюнча окууну бүтүргөн.
Мекеме мугалимдик кесип өлкөдө эң көп талап кылынган багыттардын бири экенин билдирди.
Садыр Жапаров: мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы көтөрүлөт