Дүйнөдөгү таасир талаш жана Борбор Азиядагы "Троя аты". Диний мыйзам канчалык зарыл

Коомдо ажырым жаратуу үчүн диний жана этникалык фактор колдонулары эч кимге сыр эмес. Кыргызстанда диний чөйрөнү иретке келтирүү муктаждыгы келип жеткени айтылып келет.
Sputnik
Дүйнөдө Батыш — Чыгыш тиреши күч алып, саясий жана экономикалык таасирин колдон чыгаргысы келбегендер өнөктөш өлкөлөрдү, коңшу мамлекеттерди, ал тургай бир тууган элдерди бири-бирине каршы тукурууда. Ушундай оомал-төкмөл заманда өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн бирөөнүн куралы болуп калуу ыктымалдыгы күч алууда. Бул сценарийди алдын алуу үчүн эмне кылуу керек, ага диний жааттагы мыйзамдын кандай тиешеси бар деген суроонун тегерегинде колумнист Шабдан Абылгазы уулу ой калчап көрдү.
Коомдо ажырым жаратуу үчүн диний жана этникалык фактор колдонулары эч кимге сыр эмес. Ошондуктан Кыргызстанда диний чөйрөнү иретке келтирүү муктаждыгы келип жеткенин адистер коңгуроо кагып келишет. Буга дүйнөдө, аймакта, ошондой эле өлкө ичинде орун алып келген айрым окуялар себеп. Мамлекеттин алдына коюлган эң башкы маселе коопсуздукту камсыздоо экени талашсыз. Бул бардык жерде ар дайым приоритет болушу керек. Аны камсыздаш үчүн кээ бир өлкөлөрдө айрым эркиндиктер чектелип, катаал чаралар коюлганын көрүп-билип жүрөбүз. Кандай коркунучтар деген суроонун тегерегинде башынан кеп кылсак...

Таасир талаштын таскагы күчөп, дөөлөрдүн чабышында чымын өлүүдө

Советтер Союзу ыдырап, бир полюстуу дүйнөдө бардык чечимдер АКШдан кабыл алынып, ошол жактагылардын оозунан чыкканы эп болуп келгени чындык. Дини, улуту жана башка иденттүүлүгүнө карабай баарына бир идеология таңууланып, ага каршы чыккандардын "колу-буту кайрылып, өпкөсү үзүлүп" келди. Бирок дүйнөдөгү тартип, чек аралар жана карманган көз караштар эч качан түбөлүктүү болгон эмес. Соңку убактарда дүйнө эки же андан көп полюстуу болушу керектигин талап кылгандар көбөйүүдө. Алар аскерин күчтөп, экономикасын чыңдады. Бирок бийликтин, күчтүн табияты боюнча, эч ким таасиринен жөн эле айрылгысы келбейт. Демек, Батыш өз таасиринин басаңдашын моюндабай, аны сактап калыш үчүн болгон аракетин көрөт. Анын ичинде бир өлкөдө, ал тургай бүтүндөй аймакта согуш отун тутантууга аракетин кылышы ыктымал.
Эл аралык мамилелерде "чуут" (возмутитель спокойствия) деген түшүнүк бар. Ошондой күчтөр болгон үчүн Жакынкы Чыгышта куралдуу кагылыштар токтобой келет. Мисалы, эки катар касташкан өлкөлөрдүн курчоосунда турган Израилге АКШ аскердик, техникалык, экономикалык колдоо көрсөтүп, бүтүндөй аймакты сестентүүдө. Батышка моюн толгогондор болсо аларды төңкөрүш (Ливия, Египет), жарандык согуш (Сирия), ал тургай түз эле аскерин киргизип бийликтен кууп, көзүн тазалаганга (Ирак) чейин барышууда. Натыйжада аймакта абал татаалдашып, ар кандай азган-тозгон идеологиянын чордонуна айлана турганына күбө болдук. Ошол эле Иракты басып алгандан жана Сириядагы окуялардан улам "Ислам мамлекети" террордук тобу пайда болду. Анын илеби планетанын бардык аймагына чейин согуп, азыркы күнгө чейин Борбор Азияга кооптулук жаратып турат.
Мындай кайсы бир аймакта чуут болуп калышы ыктымал болгон топтор планетанын бардык бурчунда бар. Алар учуру келгенде АКШнын каршылаштарына карата колдонула турганын азыркы Россиянын айланасындагы окуялар көрсөттүүдө.

Борбор Азияга АКШ таштап кеткен "Троя аты" кооптуубу?

Борбор Азия — атам замандан ар кайсы улуттар аралашып жашаган аймак. Бул чөлкөмдө чек аралар али күнгө чейин такталып бүтө элек. Ал эми таасир талашкан өлкөлөр дал ушул аймактан бири-бирине каршы чыгып келген. Ошол эле Афганстанда Британ империясы, Советтер Союзу жана АКШ таасирин жайылтууга аракет кылган.
2021-жылы АКШ 20 жылдан кийин Афганстандан эч майнапсыз чыгып кетүүгө мажбур болду. Тагыраагы, мажбур болгондой түр көрсөтүп 7,2 миллиард долларлык курал-жарагын таштай качты. Муну эксперттер Борбор Азиядагы "троялык ат" катары сыпаттап жиберишти. Анткени учурдагы Афганстанда бийликти тааныбаган дагы ар кандай кооптуу топтор бар. Алар ошол эле Батыштагы кожоюндарынан тапшырма күтүп жаткан жок деген кепилдикти эч ким бере албайт. Албетте, Батыш менен Чыгыштын тирешинде 500-1000 адамдан турган чакан топтор аймакка коркунуч туудура албайт. Бирок алар сезимтал болуп эсептелген улут жана диний ажырымды жаратуучу чагымды уюштура алат. Ошол эле Кытайга же Россияга каршы дал ушул Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бирин пайдалангысы келген күчтөр бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Ошол эле Казакстандагы "Каңтар окуясы" үчүнчү күчтөрдүн көмөгү менен уюштурулганын айткандар болду. Анда абал ЖККУнун аралашуусу менен гана турукташкан эле.
Борбор Азия өлкөлөрү Афганстандын азыркы бийлиги менен карым-катнашты бекемдөөгө умтулууда. Алсак, алгач Казакстан, андан кийин Кыргызстан "Талибанды"* террордук уюмдардын тизмесинен чыгарса, Өзбекстандын өкмөт башчысы аталган кыймыл бийликке келгенден бери Кабулга барган алгачкы жогорку даражалуу жетекчи болду. Муну региондогу коопсуздукту камсыздоо үчүн жасалган кадам катары кабылдаса болот. Ошол эле ар кандай экстремисттик жана террордук топтордон жаралуучу коркунучтарга бирге, анын ичинде "Талибан" менен кошо каршы туруу натыйжа берерин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары аңдап жаткансыйт.

Диний мыйзамдын дүйнөлүк тирештерге кандай тиешеси бар?

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тарта өлкөгө төгөрөктүн төрт бурчунан ар кандай (исламдык эле эмес) диний агым, топ, секталар кире баштаган. Аларды көзөмөлгө салуу, жөндөө макстында токсонунчу жылдардын башында диний чөйрөдө тиешелүү мыйзам кабыл алынып, иштеп келген. Бирок андан бери дүйнөдө бир топ өзгөрүүлөр болду. Азыр Кыргызстандын ичинде жашыруун иш алып барган ар кандай деструктивдүү күчтөрдү атайын органдар колго түшүрүп жатат. Бирок айрым учурда "гимн ырдалып жатса турбай койгон" же "кайсы бир уюмдун желегин мамлекеттик имаратка илип алган" сыяктуу бирин-экин окуялар диний чөйрөнү иретке келтирип, биринчи кезекте дал ушул сыяктуу чагымдардан дин кармагандарды коргоо зарылдыгы жаралганын көрсөтүүдө. Себеби исламдын атрибуттарын пайдаланып терс иштерди кылгандар исламга, мусулмандарга көлөкө түшүрө турганы айтпаса дагы белгилүү.
Ошондуктан бул чөйрөнү иреттеп алуу максатында иштер колго алынууда. Алсак, 2022-жылы өлкөдө диндердин тарыхы сабагы киргизилген. Бул балдарга жаштайынан динден кабар берип, терс жолдогуларын ээрчип кетпеши керек деген ниет менен жасалууда деп түшүнүү зарыл.
Эми экинчи этабына өтүү зарылдыгы турат. Дал ушул чөйрөдөгү мыйзамды жаңылап, аны дүйнөдө, аймакта, өлкөдө жаралган чакырыктарга ылайыкташтыруу зарыл. Мына ошол максатта жакында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштады. Документ жарыялангандан кийин коомдо кызуу талкуу болуп, аталган мыйзам долбоору боюнча мамлекет башчы Садыр Жапаров кеңешме өткөрдү. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, дин ишмерлери жана башкалар катышты. Буга утурлай эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев дал ушул маселе боюнча үн катып, башынан эле дин иштерине мамлекет аралашпаганын белгиледи.
Ушул жерден мыйзам долбоорунда жазылган негизги деген пунктуларга токтололу:
коомдук жайларда жана мамлекеттик органдарда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салынат;
диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга тыюу салынат;
диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салынат;
диний темалар партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонулбашы керек;
депутаттарга ишкердик гана эмес, диний ишмердүүлүк менен да алектенүүгө тыюу салынат;
диний окуу жайдан тышкары диний сабактарды жекече окутууга жол берилбейт;
диний ишмердик менен алектенген субъектилердин саясий партияларды каржылоосуна тыюу салынат;
диний объектилерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Албетте, бул жерде мыйзам долбоору толугу менен берилген жок. Бирок ушул пунктулардан жана өлкө жетекчилигинин билдирүүлөрүнөн мыйзам динге каршы эместигин, ал өлкөнүн, адамдардын коопсуздугуна багытталганын аңдасак болот. Ошол эле жүзүн жаап жүрүү динде аялдар гана колдонгону менен мыйзамда баарына, анын ичинде эркектерге дагы тиешелүү. Демек, коомдук жайда каалаган киши жүзүн жаап алып өзү каалагандай жүрбөшү керек деген эле кеп. Анткени коопсуздук жаатынан алганда чүмкөнүп алып кылмышкер, террорист дагы жүрүшү ыктымал.
Улуттук же диний ажырымды тутантып жиберүү кандай жеңил экенин кыргыз коому жакшы билет. Тарыхта болгон бардык жарааттарды чукубай, мисал катары Бишкекте 18-майга караган түндөгү окуяларды эске алсак болот. Анда анык эмес бир видео шаарда ар кандай тополоңдордун болуп кетишине себеп болду. Мындай нерсе атайын, багыт менен жасалса кандай коркунучтар болорун жогоруда айрым өлкөлөрдүн мисалында айтып өттүк. Ошондуктан аларды алдын алуу зарыл. Батыш — Чыгыш тирешинде бирөөлөрдүн колунда курал болуп, бөтөндөрдүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланылып калбаштын аракетин көрүшүбүз керек деген кеп.
Пресс-борбор
Эксперт: Батыш басымынын алдында коңшулаш өлкөлөр менен алаканы чыңдоо зарыл