БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Электрондук эмгек китепчеси жана келишим киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга жайгаштырылды.
Эмгек министрлиги иштеп чыкан ченемдик-укуктук актыда бул демилге документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтө турганы жазылган.
Бийлик иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы мамилелерди санариптештирүү үчүн шарттарды түзүүгө белсенүүдө. Министрлик бул иш кагаздарын кыскартып, жумушка алуу процессин тездетерин белгилеген.
Мамлекеттик жана корпоративдик системаларга интеграцияланган платформа түзүлөрү кошумчаланган.