Психолог балдардын смартфонго катуу байланып калган себебин түшүндүрдү

Соцтармактардагы контентти, оюндарды түзүүдө балдар ага азгырылышы үчүн атайын адистердин тобу иштей турганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Балдарга смартфондогу контент берген эмоциялардын жанында кадимки жашоо кызыксыз, жадатма сезилет. Ошондуктан интернеттеги кызыктуу видео оюндар баладагы гормондордун көп иштелип чыгышын жөндөп, аны көрбөй калганда кыжырдана баштаарын психолог Андрей Зберовский Sputnik радиосунун эфиринде түшүндүргөн.
Адис кайсы гана социалдык тармактарда болбосун, аудио-видео же ар түрдүү оюндар болобу, бардык контентти түзүүдө кесипкөй психологдор, материалдарды даярдоо боюнча атайын адистер, маркетологдор иштешерин белгилеген.
"Ошондуктан балдарга андагы материалдар реалдуу жашоо бере албаган өтө көп эмоцияларды тартуулайт. Мындан улам баладан телефонду алып койгондо ага жашоо кызыксыз болуп баштайт. Буга байланыштуу биз өспүрүмдөрдөн да, андан кичүү курактагылардан, ал тургай 10 жашка чейинкилерден да депрессиялык абалды көп байкай баштадык. Башкача айтканда, депрессия абай жашарды. Учурда психологдор, психотерапевттер чоң адамдарда жаралган көйгөйлөрдү азыр балдардан да байкап, балдар менен да иштеп жатышат", — деген Зберовский.
Мурдараак нейропсихолог Кубат Каниметов баланын жалгыз "досу" смартфон, планшет болуп калбашы үчүн ата-эне кандай аракеттерди көрүүсү керектигин түшүндүргөн. Айтымында, ата-эне бала менен туура мамиле курганды билсе, ал гаджетке жармашып калбайт.
Телефон колунан түшпөгөн киши кандай зыян тартат? Адистин пикири