7-октябрга карата аба ырайы

7-октябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 06-окт. — Sputnik. 7-октябрь, дүйшөмбүдө, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Талас аймагында +15...+20, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын жергесинде +13...+18 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүн табы +21...+23 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +23...+25 градуска жетет.
Нөшөрлүү жамгыр, катуу шамал болот. Өлкө боюнча бир аптага карата аба ырайы